Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртен, 8-февралда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14;
Талас жергесинде түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +11…+16;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…+1.
Бишкекте 8-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз +12…+14.