Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: 800 миң сомдук аткез товар кармалды

Кыска кабар | 6 Фев 2021 | 482 | 0

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы чек ара кызматы жалпы суммасы 800 миң сомду түзгөн  товарды мыйзамсыз алып өтүү жана мал айдап өтүү аракеттерин аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү бүгүн кабарлады.

1986-жылы туулган Х.Ж. аттуу жаран ири көлөмдөгү күнүмдүк керектөөчү товар жүктөлгөн «Мерседес-Спринтер» унаасы менен өткөрмө пунктунан сырткары аймактан Өзбекстандын чек арасына кирүүгө аракет кылган. Анын жанында товарды тастыктоочу документтер болгон эмес.

Ошондой эле Ала-Бука районунун Торук аймагында 1989-жылы туулган  А.Ү. аттуу  жаран «Daewoo-Nubira» унаасы менен өткөрмө пунктунан тышкаркы аймактан дары-дармекти мыйзамсыз Өзбекстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган жеринен кармалган.

Мындан сырткары Ала-Бука районунун Могол аймагында А.М. аттуу жаран Өзбекстандын аймагына 4 баш бодо малды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Тиешелүү документтер толтурулуп, кармалгандар аткез жүк жана бодо малы менен кошо кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM