Биз менен байланышыңыз

Ташиев чет жакка дарыланууга барарын айтты

Кыска кабар | 5 Фев 2021 | 1057 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев чет жакка дарыланууга кеткени жатат. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ташиев 6-февралда кете турганын, дарыгер Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга аргасыз болуп жатканын айтты.

«Мен 06.02. эртең менен дарыланууга чет жакка бара жатам, себеби биздин врач, профессор Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар түрдүү сөздөрдү айтпастан, дуба кылып турунуздар. Силердин жардамынарга муктажмын, буюрса, баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн», — дейт Ташиев.

Камчыбек Ташиев буга чейин да дарыланып жатканын айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM