Биз менен байланышыңыз

Кыргыз жазуучу Шахсанем Мюррейдин китеби «Amazon Kindleге» жарыяланды

Кыргыздын фантаст жазуучусу Беганас Сартовдун небереси, учурда Шотландиянын борбору Эдинбург шаарында жашаган жазуучу Шахсанем Мюррейдин «Муздак көлөкөлөр» китеби «Amazon Kindleге» жарыяланды. Бул туурасында жергиликтүү маалымат булактары жазды.

Шахсанем Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин роман-герман факультетин лингвист-филолог адистигинде аяктаган. Китеп кантип тандалып алынгандыгы туурасында жазуучу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Пандемия башталгандан бери Лондондогу чыгармачыл инсандар менен жолугушууларыбыздын бардыгы жокко чыгарылды. Бул жолугушуу жазуучулар үчүн өтө маанилүү, анткени биз жаңы китептерибиз менен бөлүшүп, окурмандарыбызга жайылтууга жакшы шарт түзүлөт. Ушундай кризистик учурда мен үчүн күтүүсүз жана жагымдуу окуя болду. Менин «Муздак көлөкөлөр» китебим Ли Чайл сыяктуу атактуу авторлордун китептеринин ичинен суурулуп чыгып, «Китептер дүйнөсү» тарабынан тандалып алынган. «Китептер дүйнөсү» — Улуу Британияда колдонулган эң ири китеп сатуучу жай. Ал өзүнүн веб-сайтындагы жана «Amazon.com» сыяктуу башка онлайн сайттардагы, Улуу Британиянын дүкөндөрүндөгү китептерди кайра сатат. Андан кийин басмаканачы Марат Ахмеджанов мага чалып, «Муздак көлөкөлөр» китебинин электрондук вариантын басып чыгаруу керектигин айтты, анткени окурмандардын 40%ы электрондук китепке өтүштү. Бул «Cold Shadows» үчүн дагы бир чоң кадам болду. «Amazon Kindle» — колдонуучуларга электрондук китептерди, гезиттерди, журналдарды, блогдорду жана башка санарип маалымат каражаттарын зымсыз тармак аркылуу сатып алууга, жүктөөгө, көрүүгө жана окууга мүмкүнчүлүк берет».

Бул интернет китеп дүкөнүнөн «Муздак көлөкөлөр» китебинен тышкары Шахсанемдин биринчи китеби «Ыйык жолду издеп», кыргыз жазуучулары Беганас Сартовдун «Мамыры гүлдөгөн маалда» , Табылды Актандын «Улуу баян», Казат Акматовдун «Мунабия» китептерин да табууга болот.

Шахсанем Мюррей  2001-жылы Кыргызстандан Шотландияга кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM