Биз менен байланышыңыз

Марипов: Финполиция өзүнчө орган катары каралышы мүмкүн

Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 2313 | 0

Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында өкмөт башчылыкка сунушталган Улукбек Марипов Финансы полициясынын жоюлуп, милдеттерин Ички иштер министрлигине өткөрүү тууралуу пикирин билдирди.

Ал аталган кызматты бириктирүү боюнча коомдогу ар түрдүү пикирлерден кабары бар экенин, ошентсе да бул өзгөртүү мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын белгиледи.

«Эгер биз Кыргызстандын экономикасын көтөрөбүз десек, анда таразанын бир жагына бардык бизнесмендерди, экинчи жагына бир адамды коюп таразалайлы. Мен оюмча, бул жерде мамлекеттин тагдыры жогору турат. Ар бир жетекчи өзүнүн напсисин, каалоосун өзүнчө отуруп сүйлөшүшү керек. Бул органдын текшерүүчү милдеттеринде бир катар маселелер бар. Аны да карап көрөбүз. Бирок, ИИМдин курамына киргизилбейт. Өзүнчө орган катары каралышы мүмкүн», — деди Марипов.

1-февралда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Финансы полициясынын милдеттери Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилерин жазган.

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасы да ИИМдин карамагына өткөрүлөт. Бул өзгөрүүлөр кызуу талкуу жаратууда.

2-февралда Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Финполду жоюу тууралуу айтылган сөздөргө пикирин билдирип, социалдык тармактагы жеке баракчасына пост жазган.

Жапыкеевдин айтымында, Финансы полициясы туура эмес иштердин бетин ачып жатат, бирок соттор кармалгандарды бошотуп жибергени түшүнүксүз болууда.

Сыймык Жапыкеев Финполдун жоюлушу тууралуу пикирин билдирди

Copyright © 2017 Maral FM