Connect with us

Сыймык Жапыкеев Финполдун жоюлушу тууралуу пикирин билдирди

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 28850 | 1

Финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеев аталган кызматты жоюу тууралуу айтылган сөздөргө пикирин билдирип, социалдык тармактагы жеке баракчасына пост жазды.

Ал «Эмнегедир баары башкача кетип баратат. Финполду эл колдойт, финпол элге иштейт», — деген билдирүү калтырган. Ошондой эле кайсы бир депутаттын балдарын кармаганын жана анын келтирген зыянын мамлекетке төктүрүүгө аракет кылганын, бирок сот аларды үйүнө чыгарып жибергенин кошумчалаган.

Белгилей кетсек, кечээ чыккан айрым маалыматтарда Финпол менен Каттоо кызматы ИИМдин карамагына өткөрүлүп бериле турганы айтылган болчу.

Марипов: Финполиция өзүнчө орган катары каралышы мүмкүн

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM