Биз менен байланышыңыз

Инстаграмда жаңы функция пайда болду

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Фев 2021 | 739 | 0

Instagram социалдык тармагында өчүрүлгөн билдирүү менен стористерди кайра кайтаруу функциясы кошулду. Бул тууралуу сервистин маалымат кызматы билдирди.

«Бүгүн биз контентти башкарууга мүмкүн болгон «жакында өчүрүлгөн» функциясын сунуштайбыз. Көпчүлүк колдонуучулар бул боюнча суранган, эми сиздер Instagram тиркемесинде өчүрүлгөн контентти көрүп жана кайра калыбына келтире аласыздар», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, стористи бир сутка ичинде, ал эми постту 30 күн ичинде кайра кайтарса болот.

Ошондой эле билдирүүнү өчүрүүдөгү коргоо чаралары күчөтүлүп, тиркемени өчүрүү алдында кошумча кайталап сурай турганы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM