Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Сан кыскарганда, сапат жакшырабы?

Саясат | 2 Фев 2021 | 1345 | 0

1-февралда парламенттеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин көрсөттү. Талапкер өкмөттүн 22 мүчөсүнүн 16сы гана калтырып, ирилештирүү саясатын жүргүзө тургандыгын маалымдады. Учурда кайсы министрликтер кыскартылары тууралуу расмий маалымат бериле элек. Сунушталып жаткан өкмөттүн министрликтердин санын кыскартып, оптимизацияга баруусу канчалык туура жана натыйжалуу болот? Бул суроонун алкагында серепчилердин пикирин тыңдадык. 

Өкмөт башчылыкка сунушталып жаткан Улукбек Мариповдун айтымында, азыркы айыл чарба жана суу чарба башкармалыктары бириктирилип, жаңы аталыштагы «Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги» түзүлөт. Анын курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилет. Ошондой эле Экономика жана Каржы министрлиги да бириктирилип, энергетика тармагын тейлеген өзүнчө министрлик түзүлөт.

Мындан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын алдындагы «Унаа» ишканасы Ички иштер министрлигинин, Спорт комитети Маданият министрлигинин карамагына өткөрүлө тургандыгы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен Саламаттыкты сактоо министрлиги биригери айтылып жатат.

Мындай биригүү акча үнөмдөөгө эмес, башаламандыкка, «хаоско» алып келиши мүмкүн экендигин саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, мурда Мамлекеттик каттоо кызматы ИИМдин курамында болуп, бирок өзүн актаган эмес. Эл аралык уюмдардын жана реформаны түшүнгөн адамдардын талабы менен ал өзүнчө бөлүнгөн. Ички иштер министрлигинин ичинде ансыз да маселе көп. Мына ушуга окшогон бир топ жагдайларды эске албаса, анда кыскартуу тескери жыйынтык берип калышы мүмкүн.

— Жалпысынан кыскартуу маселеси — албетте, туура. Эгерде туура кыскартсак, анда туура болот. Менин оюмча, Каттоо кызматы менен ИИМди бириктирүү идеясы туура эмес. Финполду ИИМге киргизүү да туура эмес. Тескерисинче, Экономикалык кылмыштуулукту өзүнчө коюп, УКМКнын ичинен Коррупцияга каршы күрөштү өзүнчө алып, тергөөнү бөлүп, өзүнчө уюм кылса, анда туура болмок. Ошол эле учурда Экономика министрлигин Финансы министрлигинин ичине киргизүү да туура эмес. Себеби Каржы министрлиги бүгүнкү күндүн кызыкчылыгы менен гана ойлонот. Ал эми Экономика министрлиги стратегиялык маанидеги министрлик болуп эсептелет. Кыскартуу маселесинде терең ойлонушубуз керек. Менин оюмча, мисалы, Айыл чарба министрлигинин бүгүнкү күндө кереги жок.

Кыскартуу министрлердин санын эмес, жалпы функцияларын жогорулатуу аркылуу жүрүшү керек. Мындай пикирин экономист Жеңишбек Байгуттиев билдирип, Өкмөт мүчөлөрүнүн санын кыскартуу анча-мынча акча үнөмдөшү мүмкүн экенин, бирок толук функционалдуу ишин алып кете албасын айтат.

— Бир тараптан карасак, кыскартуунун кереги бар, бирок менин оюмча, ар бир министрликтин ишмердүүлүгүн көтөрүшү керек болчу. Ар бир министрликтин өзүнүн потенциалы бар. Ошол потенциал толук колдонулбай жатат. Анан алардын ордун жөн эле алмаштырып, ошонун негизинде ийгиликтүү иштер болуп кетет дегенге ишенбейм. Ошондой эле жетекчилердин сапаты маанилүү. Кыскартуу министрлердин санын эмес, жалпы функцияларын жогорулатуу аркылуу жүрүшү керек. Эгерде милдеттерин жогорулатпаса, жөн эле көз боёмочулук болуп калат. 

Негизги структуралык реформа президенттик бийлик орногондон кийин башталашы керектигин айткан Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев кыскартуу менен ишмердүүлүгүн солгундатып алуу коркунучу бар деп эсептейт.

— Кыскартуу акылдуулук менен жүрүшү керек. Кыргызстанда эбегейсиз көп комитеттер, агенттиктер, комиссиялар болуп кеткен. Мына ошолордун баарын бир министрликке топтоп кыскартуу — туура эле кадам. Бирок, негизги структуралык реформа президенттик бийлик орногондон кийин башталышы керек деп эсептейм. Азыр ошого карата даярдык болгондой сезилип жатат. Себеби жаңы Конституция кабыл алынып, референдум болсо, президент ошол эле учурда Өкмөттүн башчысы болот. Мына ошондогу структуралык өзгөрүүлөргө азыр даярдык көрүлүп жаткандай сезилүүдө. Ошондой жол менен көндүрүү керек. Ошол эле учурда бир нече миң кызматкер факт түрүндө жумушсуз калганы турат. Эми ушул бойдон токтоп калбай, административдик реформа да айыл өкмөттөн баштап, губернаторлорго чейин болушу керек.

Азырынча кыскартууга болгон аракеттер жалгыз гана формасын өзгөртүү болуп жатат. Эгерде Грузиядагыдай реформа кылып, анын маңызын өзгөртсө, анда натыйжа болот. Ал эми борборлоштурулган системада эч нерсе өзгөрбөйт. Мындай пикирин саясат талдоочу Өмүрбек Абдрахманов билдирди.

— Авторитардык системада бир да эффективдүү иш алып барылбайт. Анткени авторитардык бир да мамлекет өнүгүп кеткен жок. Демократиялык  системаны алсак, анда  бардык мамлекеттер өнүккөн. Бул эмне деген кеп? Демократиялык  системада бийлик, финансы, экономика, кадр маселеси борбордон четтетилет. Ар бир айыл өкмөтү өз оокатын өзү кылат. Ар бир райондун башчысы эл тарабынан шайланып алынат. Ошондуктан алар элдин астында аракет кылганга мажбур болуп, өздөрүнүн казынасы болот. Өздөрү кадрларды тандап алып, алардын ишине борбор жооп бербей калат. Азыр болсо тескерисинче, бардык бийлик бир кишинин тегерегине байланып жатат. Мындай борборлоштурулган системадан эч нерсе өзгөрбөсө керек.

Ал ортодо президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Өкмөттүн жаңы курамы жана структуралык кыскартуулар тууралуу айтылгандарга жооп кайтарды.

Анын билдирүүсүндө бүгүнкү күндө жалпысынан 48 министрлик, комитет, агенттик жана ведомство бар. Анын баары кыскарып, 12 эле министрлик калтырылды. Комитет, агенттик жана башка ведомстволор ошол министрликтердин карамагына өттү.

Мындан сырткары ал бир эле энергетика системасынан 2 миллиард сом үнөмдөлүп жаткандыгын, кичинекей Кыргызстан үчүн керек болсо, 12 министрлик да көптүк кыла тургандыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM