Биз менен байланышыңыз

АКШда кылмыштуулук деңгээли 30%га өскөн

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 569 | 0

2020-жылы АКШда кылмыштын саны 30 пайызга өскөн. Бул маалымат Сот адилеттиги комитети менен «Arnold Ventures» уюму биргелешип жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.

2020-жылы Америка Кошмо Штаттарынын 29 шаарындагы кылмыштын саны 2019-жылга салыштырмалуу 30%га көп катталган. Эң көп кылмыш Сент-Луисте болуп, жалпы 262 адам өлтүрүлгөн. Бул 1993-жылы бир жыл ичинде 267 адам киши колдуу болгондон берки эң жогорку көрсөткүч болуп саналат.

Изилдөөлөргө ылайык, кылмыш Милоукиде 85%га, Сиэтлда 63%га, Чикагодо 55%га, Нью-Йоркто 43%га көп катталган.

АКШдагы кылмыштын көбөйүшүнө коронавирус пандемиясы жана расизм башкы себепкер болгону айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM