Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаарындагы «АЮ Гранд комфорт» соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунда өрт чыккандыгына байланыштуу мекеме убактылуу иштебейт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Жарандар башка калкты тейлөө борборлоруна кайрыла алышат.
Бишкекте «АЮ Гранд комфорт» соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо саат 13:46да чектөөгө алынганын кабарлады.