Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Навальныйдын жаза мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сот отуруму өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 459 | 0

Бүгүн, 2-февралда Москвада орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын баш коргоо чарасы каралууда. Анда мурда коюлган шарттуу жаза өтөө мөөнөтүн реалдуу жаза өтөө мөөнөтүнө, тагыраагы, 3,5 жылга эркинен ажыратуу талабы коюлат.

2014-жылы «Ив Роше» иши боюнча саясатчыга шарттуу жаза өкүм кылынган болчу.

Навальныйдын иши боюнча соттун жүрүшүндө Москва шаардык сотуна жакын бир нече көчө толук жабылды.

Соттук отурум Москва убактысы боюнча саат 11де башталды. Ага Навальныйдын өзү убактылуу тергөө абагынан алынып келе тургандыгы, ишке катышы же тиешеси бар бир нече адам жана ЖМК өкүлдөрү гана катыша тургандыгы айтылган.

АКШ Сенатынын Өкүлдөр палатасындагы тышкы иштер боюнча комитеттин төрагасы Грегори Микс менен республикачы-сенатор Майкл Маккол Орусиядагы адам укуктарынын бузулушу боюнча биргелешкен билдирүү жасады.

Эки саясатчы тең оппозициячы Алексей Навальныйды жана акциялар учурунда кармалган миңдеген адамды тез арада бошотууну талап кылып, тынч митингдердин катышуучуларына карата мамилени жана журналисттердин кармалышын сынга алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM