Биз менен байланышыңыз

УКМК: Нургазы Анаркулов камакка алынган эмес, тергөө жүрүүдө

Кыска кабар | 2 Фев 2021 | 457 | 0

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нургазы Анаркулов камакка алынган эмес. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кабарлады.

Ага карата пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө иштери уланып жатканы кабарланды. «Жүргүзүлүп жаткан тергөө иштеринин жыйынтыгында ага карата юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Нургазы Анаркулов УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.

1-февралда айрым сайттар Нургазы Анаркуловдун ишине байланыштуу жабырлануучу катары өтүп жаткан адам көрсөтмө берүүдөн баш тартканын, ушундан улам ал үй камагына чыгарылганын жазышкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM