Кыргызстандан Кувейтке туруктуу аба каттамдарын ачуу мөөнөтү жылдырылды. Бул тууралуу 1-февралда «Манас» эл аралык аэропортунун башкы директору Бактыбек Сыдыков менен Кувейттин «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын өкүлдөрү жолугушканда айтылды.
Кувейт-Бишкек-Кувейт каттамдары 11-февралга, Кувейт-Ош-Кувейт каттамын ачуу 9-февралга жылдырылды.
Буга чейин Кувейт-Бишкек үзгүлтүксүз авиакаттамы 5-февралдан баштап ачылары айтылган. Учуу узактыгы — 3 саат 35 мүнөт.
«Jazeera Airways» авиакомпаниясынын өкүлүнүн айтымында, дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал жөнгө салынгандан кийин Кувейт-Бишкек каттамдарынын саны көбөйтүлөт. Мисалы, жумасына 7 жолу учурууну пландап жатышат.
Ага чейин жумасына 2 жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү учат.
Мындан тышкары, аба эркиндигинин 5-даражасын колдонуу менен, Кувейт-Бишкек-Сиань каттамын ачуу да пландаштырылып жаткандыгы айтылды.