Биз менен байланышыңыз

Жапаров Президенттин аппаратынын ишмердүүлүгүн талкуулады

Кыска кабар | 1 Фев 2021 | 447 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Президенттин аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда жакынкы келечекке болгон негизги артыкчылыктуу багыттар талкууланды.

Садыр Жапаров эки негизги маанилүү маселеге — мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга жана бюрократияны төмөндөтүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Ал мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу иши турганын, анын алкагында ашыкча жана бири-бирин кайталаган орундар кыскартылып, кадрларды тандоо алардын кесиптик чеберчилигинин негизинде гана жүргүзүлөрүн эске салды.

Жапаров тууганчылык, досчулук жана башка байланыштарга карабастан, мыйзамды бузган, айрыкча коррупциялык иштерге аралашкан ким гана болбосун, мыйзам чегинде жоопко тартыларын дагы бир жолу кайталады.

Буга байланыштуу Президенттин аппаратынын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринен өз багыттары боюнча ачык-айкын жана натыйжалуу иш алып барууну талап кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM