Литва президенти Гитанас Науседа 2020-жылы Беларусияда өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Светлана Тихановскаяны Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөттү.
Тихановская бул демилге үчүн Науседага ыраазычылык билдирди.
Учурда Светлана Тихановская Литвада. Ал Беларусияда 9-августта өткөн президенттик шайлоодон бир нече күндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Беларусиянын тергөө кызматы бийликти басып алууга аракет кылды деген жүйө менен иш козгоп, териштирүү иштери үчүн чакыртылган.
2021-жылдагы Нобель тынчтык сыйлыгына «Black Lives Matter» («Каралардын өмүрү мааниге ээ») кыймылы да көрсөтүлгөн. Өткөн жылы бул сыйлыкты БУУнун азык-түлүк программасы алган.