Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 30-январда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -7…-12, күндүз +8…+13;
Талас облусунда: түнкүсүн -7…-12, күндүз +9…+14;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда: түнкүсүн -19…-24, күндүз -3…-8;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9, күндүз +11…+13 градус болот.