Биз менен байланышыңыз

«Алгач Орусияга». Президенттердин иш сапардагы бузулбаган «салты»

Саясат | 29 Янв 2021 | 1151 | 0

Президент Садыр Жапаровдун алгачкы иш сапары Орусияга пландалып жатканын вице-премьер-министр Равшан Сабиров 25-январда өткөн Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирген. Ага чейин президенттин алгачкы расмий иш сапары Казакстанга болору айтылган болчу. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, ага расмий сапар менен Астанага келип кетүүсүн сунуштаган. Токаевдин чакыруусун Жапаров кабыл алып, ыраазычылык билдирген эле. Президенттердин алгачкы иш сапары канчалык маанилүү? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Президенттердин чет өлкөгө болгон алгачкы сапары экономикалык жана тышкы саясий мамиледе өзгөчө мааниге ээ. Алгачкы визит өлкөнүн кызыкчылыгына жараша, мамлекет үчүн маанилүү болгон өлкөлөргө жасалат. Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон сапарын туура деп эсептейт.

Анын айтымында, Тышкы иштер министрлиги, аппарат жетекчилери менен бул маселени жакшылап иштеп, кайсы өлкөгө бара тургандыгы аныкталганча, жарыялабай турса болмок.

— Албетте, Жапаровдун Орусияга барганы туура. Себеби биздин мамлекетибиз экономикалык жактан төмөн болуп, кризисте турабыз, ошол эле учурда ал жакта эмгек мигранттарыбыз да көп. Бирок андан мурун «Казакстанга барам» деп айтып койгону үчүн казак коңшулар кичине таарынып, түшүнбөстүк болуп калышы мүмкүн. Анткени эл башчылары сөзүнө турушу керек, себеби биздин жалпы аброюбузга шек келтирет. Демек, мындай сөздөрдү айтканга шашпай турсак болмок. Ошондуктан катаны оңдоп, Орусиядан кийин Казакстанга же Өзбекстанга барганы туура деп ойлойм. Тышкы иштер министрлиги, аппарат жетекчилери менен бул маселени жакшылап иштеши керек болчу. Муну Казакстанга акырын түшүндүрүп, дипломатиялык жол менен кыядан акырын чыгып кетиши керек.

Жаңы президенттин алгачкы иш сапары Кыргызстандын эл аралык мамилелерде багыттарын, приоритеттүү тармактарын, жеке мамилелерин аныктоодо абдан маанилүү экендигин айткан Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскарбек Бешимов президенттердин алгач Орусияга баруусу салтка айланып калганын белгилейт.

— Бүгүнкү күндө баарыбызга белгилүү саясий, экономикалык жактан толугу менен Москвага көз карандыбыз. Биринчи визит абдан маанилүү, себеби биринчи контакт, биринчи сүйлөшүүлөр болот. Ошонун ичинде ким кайсы позицияда турат, ошого жараша мындан аркы мамилелердин уланышы маанилүү. 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхыбызда тышкы саясаттагы приоритеттер көп учурда бир адамга байланып калган. Батыш өлкөлөрүндө булар жүздөгөн жылдардан бери калыптанып, бүт күчтөрдүн балансы бар. Советтер Союзунун курамынан чыккан өлкөлөрдө ал калыптана элек. Ошондуктан баары тышкы саясаттагы багытын персонага жараша аныкташат. 

Орусия Кыргызстандын негизги өнөктөшү болгондуктан, президент биринчи визитин Орусияга жасаганы туура болот. Мындай пикирин дипломат, саясат талдоочу Кубан Мамбеталиев билдирди.

— Садыр Жапаровду президенттик шайлоонун жыйынтыгы менен Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктады, башкача айтканда, «признавать» этти. Ошондуктан Орусияга барганы туура эле, эч кандай ката деле жок. Дэн Сяопиндин: «Кара мышыкпы, сары мышыкпы, чычкан алса болду», — деген жакшы сөзү бар. Ошондуктан президенттин сөзү, визиттери кеп эмес, жасай берет. Кадамы менен, сөзү менен иши шайкеш болсо, анда жакшы болот. 

Кыргызстандын 30 жылдык эгемендүүлүк тарыхындагы алтынчы президент Садыр Жапаров президенттик кызматка расмий киришти. Анын чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапары Орусиядан башталат. Бул сапарында президент Орусия менен табигый газга болгон бааны төмөндөтүү маселесин сүйлөшө турганы айтылууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев алгачкы визитин Түркиядан баштаса, андан кийинки президенттер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков биринчи иш сапарын Орусиядан баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM