Биз менен байланышыңыз

Атактуу актёр Василий Лановой каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Янв 2021 | 554 | 0

Даңазалуу советтик жана орусиялык театр жана кино чебери, мыкты актёр, СССР эл артисти Василий Лановой 28-январда Москва шаарында көз жумду. Бул тууралуу анын жубайы кабарлаганын орусиялык басылмалар жазды.

Январдын башында Лановой коронавируска чалдыгып, ооруканага жаткырылган. 28-январга караган түнү абалы начарлап, жандандыруу бөлүмүнө которулган.

Ал жакында эле 87ге чыккан. Лановой 1934-жылы 16-январда Москвада туулган. 1957-жылдан тартып Москвадагы Вахтангов атындагы театрда иштеп, ал жерде 50дөн ашык роль жараткан. Мындан тышкары «Павел Корчагин», «Алоо кызыл жел кайык», «Согуш жана тынчтык», «Жаздын он жети көз ирмеми», «Офицерлер» сыяктуу бир катар көркөм тасмаларда роль жараткан. Айрым мамлекеттерде Василий Лановой романтикалык кинолордогу каармандарды ойногон жаркын ролдору менен эсте калган.

Актёр Орусиянын Эмгек Баатыры, Совет доорунда СССРдин эл артисти, Ленин сыйлыгынын лауреаты болгон.

Для меня всегда театр был главным»: чем запомнился Василий Лановой :: Общество :: РБК

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM