Биз менен байланышыңыз

Журналист Таалайбек Дүйшөналиев көз жумду

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 795 | 1

Кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө салым кошкон журналист, Нарын облустук медиаборборунун башкы директорунун орун басары, облустук «Теңир-Тоо» гезитинин башкы редактору Таалайбек Дүйшөналиев 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Таалайбек Дүйшөналиев 1960-жылы 10-июлда Тянь-Шань районундагы Жерге-Тал айылында туулган.

1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Эмгек жолун Нарын облустук «Нарын правдасы» гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөө менен баштаган.

Ал Нарын райондук «Жеңиш» жана кайра ачылган облустук «Теңир-Too» гезиттеринин редакцияларында кабарчы, бөлүм башчы кызматтарында иштеген. 1995-жылдын май айынан бери облустук «Теңир-Too» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенген.

Таалайбек Дүйшөналиев Нарын облусунун тарыхый санжырасын түзүүгө, анын социалдык-маданий, экономикалык жактан өсүшүнө, саясий жана экономикалык, социалдык кайра түзүүлөрдүн гезит беттеринде жеткиликтүү чагылдырылышын камсыз кылууга эбегейсиз салым кошкон.

Ал Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана бир катар жеригиликтүү бийлик органдарынын сыйлыктары менен сыйланган.

«Марал» радиосунун жалпы жамааты Таалайбек Дүйшөналиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

1 пикир

1 пикир

  1. Турат Алыбаев

    28.01.2021 16:41

    Таалай агай, жаткан жериңиз жайлуу болсун!!! Биз сизди жакшы көрөт элек. Эң сонун адам болчусуз!!!

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM