Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу багытынан кайтпайт

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 1088 | 0

Кызматына расмий киришкен президент Садыр Жапаров ант берүү аземинде сөз сүйлөп жатып, тышкы саясат кандай жүрөрүн айтты.

Ал эң алгач Кыргызстандагы саясий окуяларга кылдат байкоо салып, олку-солку окуяларга тынчсыздануусун билдирген Орусияга ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле пандемия учурунда өздөрү жабыр тартса да, Кыргызстанга жардамын жиберип турган Өзбекстан менен Казакстанга да ыраазы болуп, бул өлкөлөр менен стратегиялык өнөктөштүк уланарын айтты.

Жапаров тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыт Борбор Азиянын башка өлкөлөрү жана Түркияга да берилерин айтты.

Мындан тышкары дүйнөлүк саясаттагы ролу чоң Кытай менен ымаланы улантууга үмүтүн билдирди.

Президенттин айтымында, Кыргызстандын тышкы саясаты көп векторлуу багытынан кайтпайт. Америка, Европа жана Азия мамлекеттери менен кеңири кызматташууга умтулат.

БУУ, ШКУ, ЕАЭБ, Түрк мамлекеттер кеңеши жана ж.б уюмдардын алдындагы милдеттенмелер аткарылат.

Copyright © 2017 Maral FM