Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Садыр Жапаровдун ант берүү аземи өтөт

Кыска кабар | 28 Янв 2021 | 1105 | 0

Бүгүн, 28-январда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясы өтөт.

Ант берүү аземи аяктагандан кийин Жапаров кызматына расмий киришет.

Инаугурация аземи учурунда 2500дөн ашык милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Бишкек шаарындагы Манас, Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектилериндеги негизги жолдордо коомдук жана жеке транспорттордун кыймылына чектөөлөр киргизилбейт. Кортеж өтүп бараткан убакта гана унаалар бир нече мүнөттөргө токтотулат.

ИИМ айдоочулардан жолдо жүрүү эрежелерин бузбоого жана маданияттуу болууга, унааларын жолдун боюнда токтотуп кетпөөгө чакырат.

Быйыл 10-январда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Садыр Жапаров президенттик кызматка ат салышкан 17 талапкердин ичинен жалпы шайлоочулардын 79,20 пайыз (1 105 248 добуш) добушун алган.

Ант берүү аземине чет мамлекеттерден эч ким чакырылган эмес. Коңшу өлкөлөрдөн Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевге кат жолдонгон.


Жапаровдун инаугурациясына бир гана Нурсултан Назарбаев чакырылды


Кыргызстандын экс-президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаева да чакырылган. Президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов маалымат жыйында, инаугурацияга экс-президенттер, парламенттин экс-төрагалары жана мурдагы премьер-министрлер чакырылганын айткан.

Ошондой эле ар кандай саясий партиялардын өкүлдөрү жана президенттикке ат салышкан талапкерлер да чакырылган.

Иш-чараны өткөрүүгө бюджеттен 15 млн сомго жакын акча каралганы айтылган. Кийин коомдогу нааразылыктардан улам Садыр Жапаров билдирүү таратып, каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тарткан.

Жапаровдун ант берүү аземине негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

Ант берүү аземин республикалык телеканалдар түз алып көрсөтөт. Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу журналисттер чакырылган жок. Жергиликтүү жана  чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери конок катары барат.

Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында чоң экран орнотулуп, ошол жактан да көрүүгө болот.

Садыр Жапаровдун инаугурациясына Жээнбеков менен Отунбаева да чакырылды

Copyright © 2017 Maral FM