Биз менен байланышыңыз

«5 жашка чейинки балдардан ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынбайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2021 | 617 | 0

Кыргызстанга учак аркылуу келген  жарандардан ПЧР-тесттин жыйынтыгы жарандыгына карабастан бардык адамдардан талап кылынат. Алардын катарына 5 жашка чейинки балдар кирбейт. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, коронавируста каршы күрөштүн жаңы алгоритми беш мамлекеттик органдын биргелешкен чечиминин негизинде кабыл алынды. Анда өлкөдөгү жана дүйнөлүк статистика эске алынды.

«Статистикалык маалыматтар көрсөткөндөй, вирус негизинен 7 жаштан жогору курактагы балдар арасында көп катталат. Муну эске алдык. Көбүрөөк 30 жаштан өйдө курактагыларда катталууда. Учурда эпидемиялык кырдаал туруктуу. Коронавирус өзгөрүп туруу өзгөчөлүгүнө ээ болгондуктан, айтуу оор. Анткени Европада бир топ өлкөлөр карантиндин чараларын күчөтүүдө», — дейт Исмаилова.

Эске салсак, ушул жылдын 23-январынан тарта өлкөгө учак аркылуу келген кыргызстандыктардан акыркы 72 саат ичинде алынган ПЧР-тесттин милдеттүү түрдө болушу талап кылына баштады. Аталган чечим өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM