Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга ПЧР-тесттин жыйынтыгын албай келген жаран кайра артка кайтарылабы?

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Янв 2021 | 865 | 1

Кыргызстанга учак аркылуу келген жарандардан ПЧР-тесттин талап кылынышы өлкөгө коронавирустун жаңы түрүн киргизбөө максатында кабыл алынды. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башкы адиси Бактыгүл Исмаилова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгерде тест боюнча маалымкаттын мөөнөтү өтүп кетсе жана жаран тест тапшырбай Кыргызстанга келип  алса, анда аэропортто анализ тапшырат. Кайра артка кайтарылбайт.

Өлкөгө кирген жарандын дене табы көтөрүлүп же вирустун белгилери байкалса, стационарга жаткырылат.

Эске салсак, ушул жылдын 23-январынан тарта өлкөгө учак аркылуу келген кыргызстандыктардан акыркы 72 саат ичинде алынган ПЧР-тесттин милдеттүү түрдө болушу талап кылына баштады. Аталган чечим өлкөгө коронавирус инфекциясынын жаңы штаммынын кирүүсүнүн алдын алуу максатында кабыл алынган.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: Қирғизистонга ПЗР-тестининг натижаларисиз келган фуқаро қайта ортга қайтариладими? - 0

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM