Биз менен байланышыңыз

118 кызматы менен мобилдик бригада эмне үчүн кечигет?

Коом , Кыска кабар | 23 Июн 2020 | 1062 | 0

«Маралга» А.Б аттуу жаран кайрылып, коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кызматында мобилдик бригадалар жетишсиз экенин айтып, нааразычылыгын билдирди.

— Эки күндөн бери дене табым 38.4 градустан түшпөй, дем алуум кыйындап, COVID-19 симптомдору байкалып, 118 кызматына кайрылсам: «Сизди каттоого алдык. Бирок азыр келе албайбыз, 3 күндөн кийин барабыз. Жеке менчик клиникага же санитардык-эпидемиологиялык станцияга баргыла. Биз тест гана алабыз, башка эч кандай жардам көрсөтө албайбыз, —  деп коюшту. Бирок менчик клиника менен санитардык-эпидемиологиялык станция коронавирустун симптомдору менен келгендерди кабыл алышпайт экен. Алар 118 кызматынын директорунун номерин берди, бирок ал иштебейт экен.

Жарандын 5 айлык кызы бар. Мындан улам, COVID-19 менен ооруп калган болсо, кызына жуктуруп алуудан тынчсызданып жатканын белгиледи.

— Бригада 3 күндөн кийин келип, анализ алганча өтүшүп кетсе кандай болот деп коркуп жатам. Анализ алган узак кезек жетсе,  5 күндүн ичинде жыйынтык чыгат экен. Ал аралыкта абал абдан начарлап кетиши мүмкүн. Эмне үчүн бригадалардын санын көбөйтүп коюшпайт? Дарыгерлер күнөөлүү деп айтпайм, система абдан начар. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылсам, дары жазып беришип: «Күтүп тургула десе, күткүлө. Демек, алар да жетишпей жатыптыр, — дешти. 

Ал эми Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдиргендей, учурда 11 кызматында 14 линия иштеп жатат. Бирок чалуулар көп болгондуктан, линиялар бошобой, кайрылгандар күтүп калууда.

— Бир чалууга жооп берип, психологиялык колдоо көрсөтүү үчүн кеминде 10-20 мүнөт убакыт кетет. Линия бош эмес болуп калса, эч ким трубканы албагандай сезилет, бирок андай эмес. Ошондуктан, кайра-кайра чала беришсин. Бардык чалууларга өз убагында жооп берүү үчүн 1000 линия ачууга туура келет. 

Исмаилова маалымдагандай, учурда коронавирус менен паралелдүү түрдө вирустук инфекция жүрүп жатат. Экөөнүн белгилери окшоп кетет.  Адамдар вирустик инфекцияга кабылса да, 118ге чалып жатышат.

— Бригада барганда соо эле адамдар «биз жөн эле чакырдык, текшерип койгула, балким, вирус жуктуруп алдык» деген адамдар да болууда. Алардын айынан башкаларга жардам берүүдө кечигип жатабыз. Бир чакырууга барганда жок дегенде 30 мүнөт отурушат. Анализдин жыйынтыгы 1-2 күндө чыгат. Буга кошумча, лабораториялардан анализдер көп болуп жатат. Дем алуу оорлошуп, кургак жөтөл, дене табы 39-40 градуска көтөрүлүп, жыт менен даам сезбей калган учур коронавируска мүнөздүү симптомдор.  

Азыркы тапта 118 кызматында 40 мобилдик бригада иштеп жатат. Алдыда мобилдик бригадалардын санын көбөйтүү пландалууда. Ал үчүн атайын даярдыктагы 20 унаа даяр, бирок медициналык кызматкерлер жетишпей жатат.

— Мобилдик бригадалардын санын көбөйтүү үчүн министрликке, медициналык окуу жайлардын ректорлоруна кайрылдык. Ассистент, ординаторлор эмгек өргүүсүнө чыгып жатышат. Биз алардан жардам беришин суранганбыз. Азыр тизмелерди күтүп жатабыз. Мобилдик бригада тез жардам кызматы эмес. Алар COVID 19 симптому бар адамдардын үйүнө биринчилерден болуп барып жатат. Эгерде өзгөчө абал болсо 103 кызматына чалышсын. Үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылса, кеңешин берет. Колубуздан келишинче толук кандуу иштеп жатабыз. Шаар тургундары түшүнүп, бираз сыркоолоп калса эле бригаданы чакырбаганы туура болот.  

Исмаилова 24-июндан тарта жумуштун форматы өзгөрөрүн кошумчалады. Ага ылайык, жарандар бригаданы күтүп отурбастан, атайын борборлорго келип, кеңеш ала алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM