Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова жана Алтынай Өмүрбекова суракка чакырылды

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 579 | 0

Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министрлери Аида Исмаилова жана Алтынай Өмүрбекова Финансы полициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу «Kaktus.media» агенттиги күч органдарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Аида Исмаилова бүгүн, 26-январда эртең мененки саат 09.30га чакырылган. Алтынай Өмүрбекова саат 15.00гө чакырылган.

Буга чейин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев пандемия учурундагы шаалакылыкка кимдин тиешеси болсо, баары жоопко тартыларын айткан.

Козголгон кылмыш иштеринин алкагында мурдагы эки өкмөт башчы — Мухаммедкалый Абылгазиев, Кубатбек Боронов, мурдагы вице-премьер-министрлер Алтынай Өмүрбекова жана Аида Исмаилова, мурдагы Саламаттыкты сактоо министрлери Космосбек Чолпонбаев жана Абдикарим Сабиржанов, ошондой эле экс-Финансы министри Бактыгүл Жеенбаеванын жоопкерчилиги каралары айтылган.

Мындан тышкары, пандемия учурунда келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү маселеси өзүнчө өндүрүшкө алынган. Тергөөчү жана ыкчам кызматкерлерден турган топ түзүлүп, аудит жүргүзүлүүдө.

12-январда мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов Финполго сурак берип чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM