Биз менен байланышыңыз

УКМК: Узак убакыттан бери уруксат документтери жок көп кабаттуу үйлөр курулуп келген

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 1151 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жеке курулуш компаниясы тарабынан узак убакыттан бери уруксат документтери жок көп кабаттуу үйлөр курулуп келгенин аныктады.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз орнотулган объектилер, белгиленген ченемдерди бузуу менен курулуш-монтаждоо иштери үчүн зарыл болгон инженердик тармактарга мыйзамсыз кошулган.

Бул ишке жогорку кызматтагы кызматкерлер жана иштеп чыгуучулардын тийиштиги бар экени аныкталган.

УКМК турак-жай конушундагы аэрация режимин эсепке албастан, көп кабаттуу үйлөрдүн жайгашуусунун дал келбестигинен улам Бишкек шаарынын экологиялык абалынын курчушу, абада чаңдын көбөйүшүн шарттайт деп билдирет.

Мыйзамдарга ылайык, белгиленген ченемдерди жана талаптарды бузуу менен курулган имараттар, иштеп чыгуучунун эсебинен милдеттүү түрдө бузулушу керек. Себеби компания эч кандай компенсация төлөбөй туруп, мүлктү сатып алуучулардын кызыкчылыгына зыян келтирген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM