Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Коронавирус аныкталган класс онлайн окууга өттү

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 546 | 0

Бишкектеги эки мектепте окуучулардан коронавирус аныкталды. Мэриянын маалыматына караганда, балдар вирусту мектепте жугузуп алган эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрү буга чейин коронавирус менен ооруганы аныкталган.

Мэрия алгоритмге ылайык, илдет табылган классты кайрадан онлайн түрдө билим алууга өткөрдү. Эки жуманын аралыгында балдар медиктердин көзөмөлүндө болот. Ал эми аларга сабак өткөн мугалимдер ПЧР анализ тапшырууга жөнөтүлгөн.

Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке бара башташкан.

Шаар мэриясы үйдө коронавируска чалдыккандар болсо, тез арада мектепке кабар берип, баланы бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана окууга жиберүүнү өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM