Биз менен байланышыңыз

Беларусия ЖОЖдорунда окууга документтерди кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 381 | 0

Кыргызcтандын жарандарына 2021-2022-окуу жылына карата Беларусиянын жогорку окуу жайларында окууга документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Документтерди 25-февралга чейин Беларусиянын Кыргызстандагы элчилигине тапшыруу керек.

Документтердин тизмеси:

1. Беларусиядагы тандалган адистиктин жана окутуунун пайдасына жүйөлөрдү келтирүү менен окутууга кабыл алуу жөнүндө арыз (форма боюнча түзүлүшү зарыл);

2. Чет өлкөгө чыгуу документинин көчүрмөсү жана ким экендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

3. Билим берүү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү же жарандын акыркы окуу жылындагы жана ушул жылдын бүтүргөн чейректери / семестрлери боюнча билим берүү мекемесинин жетекчиси тарабынан тастыкталган бардык предметтерден алган баалардын тизмеси;

4. Орус тилин билгендигин тастыктаган документтин көчүрмөсү;

5. Тандаган адистиги боюнча билим алуу мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык документтин көчүрмөсү жана ВИЧ-инфекциясы жок экендиги жөнүндө маалымкаттын көчүрмөсү;

6. Окуу жайынан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);

7. Беларусиялык ата-тегин тастыктаган документтер (бар болсо);

8. Эгерде бар болсо, жарыяланган илимий эмгектердин тизмеси жана көчүрмөлөрү, ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү, жүргүзгөн изилдөөлөр жана тажрыйба-конструктордук иштер боюнча отчеттор, адистикке тапшырарда биринчи профилдик тесттин предмети менен аныкталган академиялык предметтер боюнча эл аралык олимпиадалардагы же башка билим берүү иш-чараларындагы жетишкендиктерди (1-2-орундарды) тастыктаган дипломдор.

Тандоого катышууга билим берүү жөнүндө документтин орточо упайына (акыркы окуу жылындагы учурдагы аттестациясына ылайык) он баллдык көрсөткүч боюнча 7,5 баллдан төмөн (беш баллдык көрсөткүч боюнча – 4,3 баллдан төмөн) ээ болгон талапкерлер киргизилбейт .

Кыргыз тилинде түзүлгөн документтерге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн орус же беларус тилдерине котормосу тиркелиши керек.

Байланыш телефону: 35 28 35

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM