Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 25-январда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй облусунда: түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…-6;
Талас дубанында: түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…-5;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда: түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4;
Ысык-Көлдө: түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда: түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10;
Өлкөнүн бийик тоолуу аймактарында: түнкүсүн -24…-29, күндүз -7…-12 градус суук болот.
Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын табы түнкүсүн -9…-11 күндүз -1…-3 градус суук болору айтылды.