Биз менен байланышыңыз

Эски KKM үлгүлөрүн колдонуунун мөөнөтү 1-апрелге чейин узартылды

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 552 | 0

Эски KKM-онлайн моделдерин каттоого жана эски KKM үлгүлөрүн колдонууга тыюу салуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартылды. Тийиштүү чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим COVID-19 пандемиясынын жана чектөө чараларын көрүүнүн натыйжасында олуттуу экономикалык чыгымга учураган бизнести колдоо максатында кабыл алынган.

Белгилей кетсек, Өкмөттүн 2020-жылдын 24-июнундагы «Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук тутумун киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, 2021-жылдын 1-январынан баштап эсептик-кассалык машинанын жаңы техникалык талаптарына дал келбесе, салык кызматынын серверлерине фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде өткөрүп берүү функциясы жок кассалык машинанын эски үлгүлөрү колдонулбайт.

ККМди колдонуучу ишкердик субъекттеринин көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен, эски ККМ-онлайн моделдерин каттоого тыюу салуунун жана эски ККМ үлгүлөрүн колдонуунун мөөнөтүн 2021-жылдын 1-апрелине чейин узартуу чечими кабыл алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM