Connect with us

ККМ аркылуу жарандар соодага көзөмөл кылат

Экономика | 24 Дек 2021 | 1383 | 0

Жаңы Салык кодексинин кабыл алынышы менен базарларга кассалык көзөмөл машиналарды колдонуу милдеттендирилет. Сатуучулар азырынча ККМ-аппарат колдонууга даяр эместигин, ошол эле учурда түшүнүксүз суроолор көптүгүн, маалыматтар жетишсиздигин айтышууда. Коомчулукта ККМ аппараттарын базарларга киргизүүнүн максаты жана иштөөсү боюнча Салык кызматы менен Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү маалымат беришти. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары 22-декабрда Салык кодексинин жаңы долбоорун үчүнчү окууда кабыл алып, президенттин кол коюусуна жибергенин Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев маалымдады.

Ошондой эле ал Салык кодексинин жаңы редакциясынын өзгөчөлүгү жана анда ККМди колдонуунун жеңилдиктери тууралуу айтып берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, кассалык көзөмөл машиналарын товар жүгүртүүдө колдонуу Салык кодексиндеги ченем эмес, ал буга чейин иштеп келген. Министрлер кабинетинин токтомунда «2020-жылдын 1-июнунан баштап соода жүргүзгөн, кызмат көрсөткөн түйүндөрдүн 80 пайыздан ашууну ал аппараттарды колдонушу зарыл» деген талап бар болчу. Ал эми Салык кодексине «көзөмөл аппаратты колдонгондордун соода жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин болсо (бир айда), бүткүл салыктан бошотулсун» деген ченем киргизилген.

«1-январдан баштап күчүнө киргени турат. Жаңы Салык кодексинин бардык нормалары заманбап экономикага шайкеш келтирилип, салыктык жол-жоболору толугу менен санариптештирүүгө өтүүгө багытталган нормалар жана механизмдер менен толукталды, адилеттүүлүк принцибин ишке ашыруу максатында милдеттүү патент дегенден кайтып жатабыз. Отчёттуулукка өтүүдөбүз. Жаңы кодекс ишке кире турган болсо, талаштар азаят деп күтүп жатабыз. Министрлер кабинетинин токтому менен 2020-жылдын 1-июнунан баштап соода жүргүзгөн, кызмат көрсөткөн түйүндөрдүн 80%дан ашууну ал аппараттарды колдонушу зарыл деген талап бар болчу. Ал эми Салык кодексине «көзөмөл аппаратты колдонгондордун соода жүгүртүүсү 8 млн сомго чейин болсо (бир айда), бүткүл салыктан бошотулсун» деген норманы киргиздик. Белгилей кетсем, эгер ишкер кол алдына жумушчуларды алып иштетип, айлык төлөй турган болсо, анда киреше салыгы жана соцфондго төлөнө турган чегерүүлөр алынат. Соода жүгүртүүсү 8 млн сомдон өйдө, 30 млн сомго чейин болсо, ишмердигинин түрүнө карата бирдиктүү салык төлөшөт. Кварталда бир эле отчёт тапшырышат. 30 млн сомдон жогору болгондор дүйнөлүк стандарттарга ылайык, каржылык отчёт жүргүзөт».

Программалык жана аппараттык деген эки түр кассалык көзөмөл машиналары бар. Аппараттык машиналар чоң-чоң түйүндөрдө болуп, баасы 10 миң сомдун тегерегинде турат. «Чакан бизнеске жеңил болсун» деп, программалык кассалык аппараттарды иштеп чыгышкан. Салык органдары уюлдук телефонго акысыз тиркемени жүктөп беришет.

Салык кызматынын төрагасынын дагы бир орун басары Нурлан Умтулов программалык ККМ бекер орнотуларын, кассалык чек берүү үчүн ага кошуп, чакан принтер сатып алуу керектигин айтты.

«Программалык ККМ бекер, бирок абонеттик кызматына акча төлөнөт. Андан тышкары принтер чек алышы керек. Принтер чек деген чакан принтер болот, кассалык лентаны ошондон чыгарышы керек болот. Аны ар бир сатуучу өзү сатып алышы керек болот. Азыр алардын баасы 1000 сомдун тегерегинде. Аларды азыр бир-эки эле компания алып келип жатат. Атаандашуу күчөп көп компаниялар алып келип баштаганда алардын баасы түшөт». 

Улуттук статистикалык комитеттин расмий маалыматы боюнча, өлкөдө көмүскө экономиканын көлөмү ИДПнын 20-24%ын түзөт. Ал эми каржы институттарынын маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын көлөмү дээрлик 40%ды түзөт, бул 300 млрд сомго жакын. 2019-жылы салык кызматы чогулткан кирешелердин көлөмү 84 млрд сомду түзгөн. Бул сандар 2020-жылы пандемияга байланыштуу азайган. 2021-жылдын 23-декабрына карата 104 млрд сом салык чогултулган. 2022-жылга аны 150 млрд сомго чыгаруу пландалууда.

Экономика жана коммерция министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Исабеков жарандардын кассалык чекти талап кылып, ошол кассалык чек менен лотерея ойнотула турганын билдирди. Исабеков билдиргендей, экинчи этапта кассалык чектерди «скан» кылып, салык кызматына жиберсе, жарандын эсебине ошол товардын баасынын бир канча пайызы кэшбек түрүндө кайтарылат.

«Азыркы учурда Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзүп, ишкерлер кассалык көзөмөл машиналарын алып коюп, колдонгондой учурлар болбосун деп, лоторея менен кэшбек системасын киргизип, элди чек сатып алууга кызыктырып жатабыз. ККМдер менен жарандар соодага көзөмөл кылат, башкача айтканда, коомдук көзөмөл болот. Онлайн чек чыгарганда бүт маалыматтар салык кызматына барат, ишкерлердин бүт акча жүгүртүүсү ачык көрүнөт. Канча соода жүгүртүлгөнү көрүнөт, 8 миллиондон ашса, ашты деп көрүнөт. Андан кийин салыктарды төлөп, бюджетке да көп салык түшсө, мамлекетте көп мүмкүнчүлүктөр болуп, врачтардын, мугалимдердин айлыгы жогорулайт».

Кыргызстанда учурда 29 миңдей ишкер ККМ колдонот. Эгер баары кассалык аппаратка өтсө, алардын саны 100 миңден ашары күтүлүүдө. Эскерте кетсек, кечээ бир катар соода түйүндөрүнүн сатуучулары ККМди колдонууну киргизүүгө каршы чыгып, нааразычылык акциясын өткөргөн.

Copyright © 2017 Maral FM