Connect with us

Капчыгы жука калкка кассалык аппарат киргизүү эртелик кылат

Экономика | 23 Дек 2021 | 2240 | 0

Жогорку Кеңеш Салык кодексинин жаңы долбоорун кабыл алды. Ага ылайык, базарларга көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу киргизилет. Базардагы сатуучулар азырынча ККМ аппарат колдонууга даяр эместигин айтышып, кечээ «Таатан» соода борборунун сатуучулары, бүгүн «Дордой» базарынын сатуучулары митингге чыгышты. Учурда коомчулукта ККМ аппараты аябай актуалдуу тема болуп, ар түрдүү сунуш-пикирлер айтылууда. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Жаңы салык кодексине ылайык, ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашырылат. ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган ишкерлер жаңы кодекстин кабыл алынуусу менен милдеттүү түрдө колдонууга өтөт. Тактап айтканда, ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүп келген базардагы соодагерлер бул аппараты колдонушу керек болот.

ККМ — накталай операциялар жүргүзүлө турган ишкердикке таандык компьютер, ноутбук, уюлдук телефонго орнотулган кассалык машина. Бул аппараттарды орнотуу менен Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деңгээлин азайтып, ачык-айкындыкты камсыз кылуу максат кылынган.

Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деңгээли ИДӨнүн жалпы көлөмүнүн 24%ын түзөт. 2018-жылы көмүскө экономиканын акчалай эквиваленттеги көлөмү 133 млрд сомго жеткен.

Аудитор Эдлана Асанбаева базардагы сатуучулар азырынча ККМ аппарат колдонууга даяр эместигин билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда 3 компания ККМ аппаратын сатуу менен алектенчү. Аппараттын баасы 13 500-15 000 сомго чейин болчу. Аппарат сатып алгандарга компания куратор дайындайт. Ал келип, ККМ аппаратын кантип колдонуу керектигин бир көрсөтүп берип кетет.

Андан тышкары ККМдин мобилдик тиркемесин да сунуштап жатышканын кошумчалады.

«Менин түшүнгөнүм боюнча азыр базардан патентти жоюп салса, ККМ бардык жерде болот. Мен келип бирдемке сатып алсам, алардан ККМ отчёт сураганга туура келет. Анда мобилдик тиркеме менен отургандар мага чекти кантип чыгарып берет? Анүчүн кайра эле чыгым болуп, принтер алганга, же чек чыгарган аппарат сатып алганга туура келет. Экинчиден, базарда канча киши иштейт? Бирөөсү бир айткандан түшүнүп калат, экинчисине балким 2-3 жолу түшүндүрүү керек».

Көзөмөл-кассалык машинанын же онлайн-режимде маалыматтарды берүүгө жөндөмдүү аппараттын эң арзаны 10 миң сом болот. Ошондуктан ККМди Android, iOS жана Windows операциялык системаларында кардардын тиркемеси катары колдонулган программа түрүндө ишке киргизүү сунушталган.

Экономист Искендер Шаршеев Улуттук бизнес бирикмелердин альянсынын мүчөлөрү ККМдин жоболорун өзгөртүүнү же башка убакта киргизүүнү суранып жатканын белгиледи. Анын айтымында, Өкмөт виртуалдык ККМ үчүн принтер алдырбай, абонеттик баасын азайтып, эрежесин жөнөкөйлөтүп, андан кийин милдеттүү кылса иштеп кетмек.

«Виртуалдык ККМдин «Мегаком», «О» жасаган тиркемелериндеги абоненттик төлөмдөрү айына 250-350 сом. «Билайнда» азыр барбы, так билбейм. «Мегаком» менен «Ону» текшерип көрдүк. Ал жакта виртуалдык ККМ жакшы эле иштейт. Бирок ага салык кызматы принтер алгыла деп жатат. Эгерде принтер алдырбай, абоненттик баасын азайтса, анда жарачудай. Эл ошону жүктөп алып иштейт. Бирок баасы бир аз өйдөрөөк болуп жатат. Бир чети атайын күчтүү смартфон керек. Ишкерлер ал смартфонго да акчалары жетпей жатканын айтышууда. «Принтер албай эле, чек чыгарбай эле, штрих-код көрсөтүп иштесек болбойбу?» деп жатышат. Демек, бул жерде Өкмөт виртуалдык ККМдин баасын түшүрүп, иштөө эрежесин жөнөкөйлөтүп, штрих-коддорду телефондон көрсөтө турган жаңы эрежелерди түзүп, элге жакшылап түшүндүрүп берсе, андан кийин ККМди милдетттүү кылса жакшы болот беле деп ойлоп жатабыз».

ККМди экономикалык кризис шартында бизнеске, айрыкча чакан жана орто бизнес ишкерлерине милдеттүү киргизүү элдин көңүлүнө жакпай турат, бирок ачык-айкындык, бюджет үчүн туура нерсе деп эсептейт серепчи Нурбек Муктар.

Анын айтымында, бизнес эч качан салыкты өз чөнтөгүнөн төлөбөйт. Товар өндүрүлгөндөн кийин анын чыгашалары, салыктар, ар кандай социалдык төлөмдөр биригип, ага кошумча бизнестин көрүлө турган пайдасы кошулуп, ошондон кийин гана баасы чыгып, элге сатылат. Азыр чакан дүкөндөрдөн бери ККМ ишке кирсе, анда баалар көтөрүлүп кетери турган иш.

«Азыр чакан дүкөндөр, базардагы чакан контейнерлерден бери ККМ киргизишсе, баалардын кымбаттоосу күтүлүп турган нерсе. Андан качып кетүү мүмкүн эмес. Анткени бизнесмендер 100 сомдук товар сатса, анда келечекте 12% кошумча нарк салыгын төлөйт, ага кошумча 3-6%га чейин сатуу салыгын төлөшөт. Адегенде эле үстүнө 15-18% кошулуп, 100 сомдук товар 118 сом болот, аны болсо эл төлөйт. ККМдин пайдасы бюджетти толтурат. Кыска мөөнөттө баалар кымбаттап, анын негизинде толкундоо, нааразычылыктар болот. Эл үчүн инфляция маселеси бар. Кыска жана ортоңку убакта баалар кымбаттайт, ал эми узак убакытта эл деле көнүп кетет.

Азыр экономикалык оор абалдабыз, чек аралар жабык болуп, эл кыйналып турат. Учурдагы Өкмөт да: «Чоң реформаларды жасайбыз, бюджетти 400 млн сомго жеткиребиз» деп чоң-чоң убадаларды берип алды. А 400 миллионду кимден алат? Албетте, элден алат. ККМдерди орнотуп, алар менен салык алабыз деген пландары бар. Ошол эле учурда мындайга эл көнө элек, ага байланыштуу митинг, пикеттердин болгону табигый эле нерсе». 

Экономика жана каржы министрлигинин маалыматына ылайык, онлайн көзөмөл-касссалык машиналарды колдонуу менен быйыл 8 айда 181 млрд сом көмүскөдөн чыгарылган. Учурда Кыргызстанда салык кызматында 21 миңден ашык ККМ катталган.

Copyright © 2017 Maral FM