Биз менен байланышыңыз

Абдил Сегизбаевге козголгон кылмыш ишинин чоо-жайы

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 1126 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Башкы көзөмөл органы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышына текшерүү жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен мыйзамды одоно бузуп, мамлекеттин коргоосунда болгон атайын түзүлгөн жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган.

Прокуратура Конституциянын, Жер кодексинин талаптарына ылайык, жер, кен байлыктары, өсүмдүктөр, жаныбарлар мамлекеттин менчиги болуп саналарын эскертет. Ал Кыргызстан элинин жашоо-тиричилигинин, иш-аракетинин негизи катары пайдаланылат жана мамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Ал эми жайыттар жеке менчикке же ижарага берилиши мүмкүн эмес.

УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен жогоруда көрсөтүлгөн Башмыйзамдын жана жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузган.

Алар мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салышып, мыйзамсыз ээлеп алуу максатында коррупциялык схема аркылуу Кой-Таш айылында жайгашкан 2,2 га жайыт жерин мыйзамда көрсөтүлбөгөн башка категорияга которгон.

Натыйжада 49 жылдык мөөнөткө акысыз алып, капиталдык курулуштарды жүргүзгөн. Андан кийин кылмыштуу кыймыл-аракеттерин жашыруу максатында жакын туугандарынын атына өткөрүп койгон.

Сегизбаев жакын туугандары К. Сегизбаева жана Г. Кеңешова Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен биргеликте башка өлкөлөргө чыгып кеткен жана каза болгон жер тилкелеринин алгачкы ээлеринин атынан ишеним каттарды жасаган.

Бул кылмышты жашыруу максатында Аламүдүн райондук соту аркылуу мыйзамсыз чечимдерди чыгартып, жогоруда белгиленген жарандарга үлүш катары берилген жалпы аянты 18,46 га айыл чарба багытындагы 92 жер тилкесин жеке менчиктерине өткөрүп алышкан.

Мындан тышкары, Сегизбаев жана анын жакын туугандары тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба багытындагы жерлерге жер салыктары төлөнбөгөндүгү, ошондой эле К. Сегизбаеванын наамына катталган жайыт жерлерине уруксат кагаздары жок капиталдык курулуштар жүргүзүлгөндүгү жана электр энергиясы камсыз кылынгандыгы аныкталган.

20-январда Башкы прокуратура тарабынан чогултулган материалдар Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүмүндө («Коррупция») көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Copyright © 2017 Maral FM