Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров кортежден жана банкеттен баш тартты

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 909 | 0

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаров мамлекет башчылык кызматына киришүү аземин уюштурууга байланыштуу маселелерге комментарий берди. Билдирүү президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Садыр Жапаров Октябрь окуяларынан кийин түзүлгөн саясий кырдаалды, өлкөнүн экономикалык, эпидемиологиялык абалын эске алуу менен, экономикага оорчулук келтирүүчү иш-чаралардан баш тартуу керектигин айткан.

«Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү. Мамлекет бүт көңүлүн өлкө каражаттарын элге жана алардын муктаждыктарына колдоо көрсөтүүгө пайдаланууга бурушу зарыл», — дейт Жапаров.

21-январда инаугурация аземине даярдык көрүү алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан баштап, Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрүндө жол кыймылы чектелди. Бул борбордук жолдордо тыгындарды пайда кылып, жарандардын нааразылыгын жаратты. Себеби жолдун жабылышы тууралуу алдын ала эскертүү берилген эмес.

Ант берүү аземине даярдык көрүүнүн кийинки баскычтарында да жол кыймылы чектелиши мүмкүн экени айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM