Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине шайлоо 11-апрелде өтөт

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 952 | 0

Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине шайлоо 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында кабарлады.

Мындан тышкары, бир катар жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өткөрүү пландалды.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилгендиктен 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоолордун күнү жылдырылган.

Жергиликтүү кеңештин депутаттарына жогорку билим керекпи?

Бишкек шаардык кеңешинин иштөө мөөнөтү 4 жыл. Анын курамына 45 депутат кирет.

Шаардык кеңеш мэрди бекитип, анын отчетун угат жана кызматтан кетире алат.

Ушул тапта Бишкек шаардык кеңешинде 5 фракция бар – алар «Республика — Ата Журт», «Өнүгүү-Прогресс», «Мекеним Кыргызстан» жана «Кыргызстан».

Шаардык кеңештин чечимдери токтом түрүндө кабыл алынып, аны шаардагы бардык мекеме-ишканалар аткарууга милдеттүү.

Copyright © 2017 Maral FM