«CASA- 1000»: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоору электр энергиясын Борбордук Азиядан Түштүк Азия өлкөлөрүнө экспорттоо максатында ири энергетикалык иштерди жүзөгө ашырууда. Анда Кыргызстан менен Тажикстандан өндүрүлгөн токту жай мезгилдеринде Ооганстан менен Пакистан өлкөлөрүнө экспорттоого шарт түзүлөт. Азыркы учурда бул долбоордун алкагында электр чубалгылары аралап өткөн 187 айылды өнүктүрүү максатында бир топ иштер башталды. Долбоор өткөн жылдын 16-декабрында күчүнө кирип, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын аймагында жайгашкан айылдардын социалдык-инфратүзүмдүк, саламаттыкты сактоо тармагын жакшыртууга көмөктөшүүдө. Жасалып жаткан иштер тууралуу «CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорунун координатору Майрамбек Баялиев менен маектештик.
— Алгач «CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоору тууралуу жана анын алкагында аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат бере кетсеңиз?
— Электр линиялары өткөн аймактарда негизинен үч багытта иш алып барып жатабыз: биринчиси, электр мамылары өткөн айылдарды электр тогу менен камсыздоону жакшыртуу; экинчиси, социалдык инфратүзүмдөрдү жакшыртуу жана аларга жергиликтүү тургундарды активдүү катыштыруу; үчүнчү багыт, экономикалык объектилерди курууга көмөктөшүп, гранттык каражаттар менен камсыздоо. 2020-жылдын башында «Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоору күчүнө кирип, ишин баштаган. Андан соң COVID-19 пандемиясы өлкөгө киргенден кийин Жалал-Абад, Ош, Баткен облусундагы айылдарды толугу менен камтуу үчүн кошумча каржылоо келди. Ошентип, «CASA- 1000: Жергиликтүү коомчулукту колдоо» долбоорунун алкагында 187 айыл толугу менен каржылоого кирди. 2020-жылдын 16-декабрында долбоор күчүнө кирип, ишти баштадык. 18-январда Жалал-Абад облусунда, 19унда Ош облусунда, 20сында Баткен аймагында тегерек стол өткөрдүк. Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышып, жасала турган иштерди, аны аткаруу механизмдерин талкууладык.
— Кошумча каржылоонун алкагында сиз айтып жаткан 187 айылда кандай иштер жасалат? Анан бул каражаттын көлөмү канча жана ал кандай негизде алынды?
— Кошумча каржылоонун алкагында медициналык мекемелерди керектүү каражаттар менен жабдуу пландалууда. COVID-19дун алдын алуу, тез жардам унааларын сатып берүү, ооруканаларды оңдоо сыяктуу. Андан тышкары киреше алып келүүчү өндүрүштүк мекемелерди курабыз деп жатабыз. Мисалы, логистикалык борборлорду, күнөсканаларды куруу, чакан цехтерди түзүү сыяктуу. Ал эми бул каржылоонун суммасы — 21 млн доллар. Анын тең жарымы насыя түрүндө, жарымы гранттык негизде алынды. 10,5 млн насыя түрүндө алынган каражат 0,75%дык өлчөмдө 38 жылдык мөөнөткө берилди. Каражат айылдардагы социалдык инфратүзүмдү жакшыртууга гранттык негизде берилет.
— Эми бул каражаттардын бөлүнүшү тууралуу айта кетсеңиз. 187 айылга бирдей бөлүнүп берилеби же дотацияда турган, шарты катаал аймактарга карап бөлүштүрүлөбү?
— Орто эсеп менен ар бир айылга 100 миң доллардан берилет. Каражат айылдардын калкынын саны, жакырчылыктын деңгээлине жараша бөлүнөт. Кээ бир айылдар 100 миңден көбүрөөк, айрымдары андан азыраак алышы мүмкүн. Аны өздөрүнүн эң зарыл делген иштерине жумшашат. Ошол эң көйгөйлүү делген долбоорлорду аныктоо үчүн биздин райондук деңгээлдеги эксперттерибиз, АРИСтин кызматкерлери ар бир айылды кыдырып чыкты. Негизги делген көйгөйлүү маселелер жергиликтүү бийликтин өнүктүрүү пландарына киргизилип, айылдык кеңеште бекитилгенден кийин каржылоого алабыз.
— Долбоордун алкагындагы иштер канча убакытта аягына чыгат?
— Буга чейинки биз каржылап жаткан долбоорлордун көпчүлүгүндө жергиликтүү коомчулук, жергиликтүү бийлик өз салымдарын кошуусу талап кылынса, азыр 100% долбоор тарабынан каржыланат. Анан басымдуу түрдө элдин керегине иштеген экономикалык объектилерди салууну көздөйт. Кыргыз Өкмөтү пандемиянын кесепеттерин жоюу максатында Дүйнөлүк Банк менен макулдашууларды жүргүзүп, каржылоо келишимдерине кол койгон. 21 млн долларлык келишимге 2020-жылдын 2-сентябрында кол койгон. Кийин ал мыйзам түрүндө бекилип, өткөн жылдын 16-декабрында күчүнө кирди. Долбоор 2024-жылдын соңунда аяктайт.