20-январдан 24-январга чейин өлкө аймактарында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
22-январда эртең менен, күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаайт, жолдор тайгак жана тоңголок болот.
22-24-январда батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 17-22 метрге жетет. 23-24-январда абанын температурасы кескин төмөндөп:
-Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -13…-18°, күндүз -4…-9°;
-Талас өрөөнүндө: түнкүсүн -14…-19°, күндүз -3…-8°;
-Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө: түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5°;
-Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн -8…-13°, күндүз 0…-5°;
-Нарын облусунда: түнкүсүн -22…-27° суук болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
20-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү мүмкүн.