Биз менен байланышыңыз

Текстилдин түйшүгүн арттырган маркирлөө талабы

Экономика | 20 Янв 2021 | 1207 | 0

Мамлекеттик салык кызматы «Альфа Телеком» жабык акционердик коому менен биргеликте ушул жылдын январь айынан тарта Орусияга бут кийимдерди экспорттоочуларга маркирлөө коддорун берүүнү баштады. Маркирлөөнүн эң негизги максаты аткез товарларга бөгөт коюу болуп саналат. 

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыковдун айтымында, Кыргызстанда товарларды маркирлөө ушул жылдын 1-апрелинен ишке ашырылат, ал боюнча иштерди «Мегаком» компаниясы алып барат.

Берилүүчү коддор орусиялык маркирлөө системасы тарабынан түзүлүп, «Мегаком» аркылуу кыргыз экспорттоочуларына берилет.

ЕАЭБ талаптары — идентификация каражаттары аркылуу кээ бир товарларга маркалоо коддорун берүү. Кыргызстандан товарларды маркалоо боюнча компания ушул жылдын 1-апрелинен тарта ишке ашырылат. Азыркы убакта пилоттук долбооор жүрүп жатат. Конкурстун негизинде «Мегаком» компаниясы өткөн. Маркалоо боюнча бардык иш-аракеттерди ушул компания жүргүзөт. Ишкерлерге идентификациялык коддорду берет. Маркалоонун эң негизгиси онлайн түрүндө QR-код аркылуу товарлар тууралуу маалымат берилет. Башкача айтканда, товардын чыккан жеринен тартып, колдонуучунун колуна жеткенге чейин маалымат болот. 

Учурда Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагынын, тактап айтканда, кийим тигүүчүлөрдүн эң чоң көйгөйү маркирлөө маселеси болуп жаткандыгын жана Өкмөттүн мындай маселелерге алдын ала даяр болушу керектигин экономист Элдар Абакиров билдирди.

Анын айтымында, Өкмөт туура агып жаткан экономикага, акчага шарт түзүп бергенге үлгүрүшү керек.

— Бизде 80-90% продукциябыз Орусияга экспорттолот. Орусия: «Ушул жылдын 1-январына чейин продукцияларды маркалоо менен ташыгыла, болбосо өткөзбөйбүз», — дешкен. Ошого Өкмөт бул маселени жарым жыл мурун эле чечиши керек болчу. Бүгүн күйүп жатат, али чече элек. Буга алдын ала даяр болушу керек эле. Өкмөт ишкерлердин маселесин алдын ала чечип бергенди үйрөнсө, ошондо бизде ишканалар көбөйүп, экономика өсөт. 

JIAнын жеңил өнөр жай комитетинин төрагасы, «Intertex Group» компаниясынын негиздөөчүсү Амирбек Закировдун айтымында, маркирлөө менен өндүрүлгөн продукциялардын баасы өсөт, ошондой эле алдыда Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар канчалык атаандаштыкка туруктуу боло тургандыгы өзүнчө көйгөй.

«Мегаком» маркировканы берсе, ал да бекер берилбейт. Анын өзүнүн кызматы, баасы бар. Алдын ала маалыматтар менен 60 тыйын боло тургандыгы айтылып жатат. Андан сырткары 60 тыйындан башка салыктар бар. Маркалоону товардын паспорту деп койсок болот. «Каяктан өндүрүлдү? Өлкөгө ким алып кирди? Ким сатып алды?» деген нерсе. Ошондуктан Орусия тарабынан көзөмөлдөнүп, «Ар бир товардын салыгы төлөндүбү?» деген текшерүү болот. Бүгүн каалайбызбы, каалабайбызбы, ошого бара жатабыз. Менин сунушум, 30-50 киши менен иштеген өндүрүүчү ишканалар муну эч көтөрө албайт. 4-5 компания биригип, маркалоо талабын чогуу чечиши керек. Мындайча айтканда, мурдагыдай схема менен Орусияга товар сатууга тыюу салынды десек болот.

Ошондой эле ал эгерде «Мегакомдун» иши көпкө чейин чечилбей, созулуп кетсе, бир канча өндүрүш компаниясы биригип, Орусияга барып, юридикалык макам алып, компания ачып, «Честный знактан» каттоодон өтүп, маркирлөө коддорун алып, Кыргызстанга жиберсе боло тургандыгын кошумчалады.

Маркировканы кантип алса болот?

«Мегаком» компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ишкерлер маркирлөө коддорун алуу үчүн биринчи кезекте «GS-1 Kyrgyzstan» номерлөө ассоциациясына мүчө болуп кириши керек. Бул Кыргызстандагы GS-1 эл аралык уюмунун расмий жана жападан жалгыз өкүлү болуп саналат. Ал ишканалардын ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде иштеген өкмөттүк эмес, коммерциялык эмес уюм. GS-1 идентификациялык номерлерди жана штрих коддору жеткирүү кызматын көрсөтөт. Ишкерлер маркалоо коддорун алгандан кийин, «Мегакомдун» кеңсесине барып, келишим түзөт. Андан кийин «Мегаком» компаниясы электрондук жеке кабинет ачып берет. Андан соң, ишкерлер өздөрүнүн жеке электрондук кабинеттеринен маркирлөө коддоруна буйрутма бере алышат.

Орусияга бара турган товарларга маркирлөө коддорун Орусия берет, баасы КНСти эсепке албаганда, 60 копейка.

Азыркы учурда «Альфа Телеком» Орусияда милдеттүү түрдө эн белги басууга тийиш болгон башка товардык топтор үчүн маркалоо коддорун берүүнү баштоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM