Биз менен байланышыңыз

«Дордой» базарын жаңылоо боюнча долбоор иштелип чыгат

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 640 | 0

Бишкек шаарынын мэринин милдетин акаруучу Балбак Түлөбаев мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн  жетекчилери менен «Дордой» муниципалдык базарынын аймагын текшерип чыкты.

Түлөбаев «Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын адистерине базардын жаңы долбоорун иштеп чыгууну тапшырды.

Бүгүнкү күндө ал жерде 76 күркө (жалпы аянты 1, 850 чарчы метр), 14 жүк сактоочу жай (1,589,5 чарчы метр) жана электр өткөргүч линияларынын аймагында 40 күркө жайгашкан.

Бул объектилер Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын буйругу менен түрттүрүлүп, иретке келтирилиши керектиги айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM