Биз менен байланышыңыз

Самара Каримованын арызы менен мугалимдер милицияга чакырылды

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 991 | 0

Ырчы Самара Каримованын арызынын негизинде Ош шаарындагы Ниязаалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайдын мугалимдери шаардык милицияга суракка чакыртылганы айтылууда. Бул маалыматты «Маралга» аталган окуу жайда иштеген кызматкерлер тастыктады.

Бүгүн «Turmush.kg» басылмасы жеке булактарына таянып, Самара Каримова Ош шаардык милициясына арыз жазганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, арыз Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 167-беренесинин (сот чечимин аткарбоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошов атындагы музыкалык окуу жайга кайрадан жетекчи болду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков кол койгон.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самара Каримова аталган музыкалык окуу жайга 2018-жылдын октябрь айында директор болуп  дайындалып, эки күндөн кийин ошол кездеги Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун буйругу менен иштен алынган.

Каримова бул чечим үчүн министрликти сотко берип, утуп алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM