Биз менен байланышыңыз

«CASA-1000»: Жалал-Абаддагы 65 айылга инвестиция тартылат

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 718 | 0

«CASA-1000» долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы 65 айылда социалдык-экономикалык пландар ишке ашырылат. Ага өкмөт менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы атайын каржылык макулдашуу жүргүзүлгөн.

Бүгүн Өкмөттүн облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев долбоордун уюштуруучулары жана жергиликтүү бийлик жетекчилери жыйын өткөрдү.

Анда айтылгандай, пандемияда жабыркаган айылдардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга көңүл бурулат. Алгач Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районундагы тандалган айылдарда медициналык мекемелердин абалын жакшыртууга басым жасалат.

Облус башчысы тез аранын ичинде жер-жерлерде жолугушуулар өткөрүлүп, аткарылуучу иштин багыттарын тандоо тапшырмасын берди. Аны менен бирге жаңы жумуш орундарын түзүү, каражатты максаттуу пайдаланууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жоопкерчилик аларын эскертти.

Долбоор АРИС аркылуу 2024-жылга чейин иш алып барып, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областарынын 151 айыл аймагын камтыйт. Жалпы бюджети 21 миллион долларды түзүп, анын 50 пайызы кайтарымсыз грант болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM