Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги абанын булгануусунун себептери иликтенүүдө

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 666 | 0

Бүгүн, 18-январда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Бишкек жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрдү.

Анда ЖЭБден чыккан түтүн боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү жөнүндө маалымат берилди. Тийиштүү адистер борбордун жабдууларын, чыпкаларын жана көмүрдүн сапатын текшеришти.

Финполдун тергөө бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Рысбаев журналисттерге билдиргендей, буга чейин Бишкектеги ЖЭБден зыяндуу заттардын чыгуусу боюнча 233-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө көмүрдүн калориясы жана экологияга таасири боюнча экспертиза жүргүзүлүп жатат.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча тергөө иштери улантылат. Мындан тышкары тергөөнүн жүрүшүндө көмүр ким тарабынан ташылып келери, чыгымдары каралат. Эгер тендер боюнча кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, анда ал өзүнчө иш катары каралат», — деди Кубанычбек Рысбаев.

Мэрия кара түтүн маселесин 2022-жылга чейин чечет

Copyright © 2017 Maral FM