Баткендин Исфана шаарындагы Исхак Раззаков атындагы аэропорт Бишкектен барган алгачкы учак каттамын кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан кабарлашты.
18-январда Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча каттамдар жанданды.
Алгачкы каттам менен Бишкектен Исфанага 81 жүргүнчү учту, Исфанадан Бишкекке 105 адам келди.
Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча каттамдарды «Tez Jet» авикомпаниясы аткарат. Ал жумасына бир жолу, дүйшөмбү күндөрү учат.
Учуунун узактыгы: 1 саат 15 мүнөт.
Бишкектен учуу – саат 11:00,
Исфанага жетүү – 12:15.
Исфанадан учуу – 13:05,
Бишкекке жетүү убактысы – 14:20.