Биз менен байланышыңыз

«УКМК кармоо менен, сот бошотуу менен алек…»

Саясат | 18 Янв 2021 | 652 | 0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети коррупционерлерди «кустуруу» операциясын улантууда.  Акыркы бир жумада «Алтуха» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимов, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов жана башкалар кармалып, тергөө менен келишимдин негизинде үй камагына чыгарылды. Буга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов коррупциялык иштерин мойнуна алып, мамлекеттик казынага 2 млрд сом төлөп берүү боюнча тергөө менен келишип, үй камагына чыгарылган. Эксперттер Матраимовдун ишин «соодалашуу өңдөнгөн саясий чечим» катары баалашкан. Азыркы бийликтин мызамсыздык менен күрөшүүнүн мындай жолу канчалык натыйжалуу? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Экс-депутат Эсенгул Исаков мыйзамсыз жеп алгандарды төлөтүү туура деп эсептейт. Анын айтымында, тергөөнүн негизинде айтылган суммаларды төлөсө да, кылмышкер болгондон кийин, ишинин аягы сот менен бүтүшү керек.

Садыр Жапаров өзү баш болуп, ушундай жолго барабыз деп демилге көтөргөн. Себеби, СИЗОдо кармалып жаткандарга бир күндө бир адамга бюджеттен 120 сом кетет. Буларды СИЗОдо кармап, сот бүткөнчө эле 2 жыл жүрүп, казынадан канчалаган акча кетип жатат. Бир жагынан кылмыш иши коррупцияга байланыштуу болуп, коомчулукка зыян келтирбеген адам болсо, эч жакка чыкпоо келишими менен сотко чейинки иш-чараларды жүргүзсө боло берет. Түрмөдө жаткандар эч качан акча төлөбөйт, миллиарддарды жеп алып жата берет. Ошондуктан буларды төлөтүп, жеп алгандарын ордуна койгон иш-аракеттерди жүргүзгөнү эң туура. Тергөөнүн негизинде айтылган суммаларды төлөп бүтүшү керек жана аягында соттун чечими чыгышы керек.

Ал эми саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов бул бюджетти толтуруу үчүн эффективдүү жол деп айтылганы менен чоң суммада деле акча түшүп жатканы байкалбаганын айтат.

— Кечээ күнү өздөрү отчёт беришти: бир млрд 400 млн Раимбек Матраимовдон, дагы башкалардан 2 млрд сомдой акча түшүптүр. Бул тагдыр чечүүчү сумма эмес, аны менен бюджеттин тартыштыгы да чечилбейт , башка маселе да чечилбейт. Ошол эле учурда УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев: «Менин учурумда антикоррупциялык комитет аркылуу бир жылдын ичинде 3,5 млрд сомдой бюджетке акча түшүргөнбүз», — деди. Экинчи жагынан, өз алдынча эле келишимдерге барып, «мынчаны төлөйсүң» дегенде чоң күмөн жаралат. Себеби келишимге келип жаткан адамдын келтирген зыяндары канча? Ачык-айкын иш жүргүзүлсө, коомчулукта шектенген ар кандай ойлор болбойт эле. Ошол эле учурда бийликке жакын адамдар жемиштүү сүйлөшүп кетип жатат, бийликке жакпагандар басымга алынып жатат.

Милициянын генерал-майору Артур Медетбеков муну УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүүдөгү алгачкы кадамы катары баалап, бул күрөш копмплекстүү жана системдүү болушун, бардыгы мыйзам чегинде жана ачык-айкын болуп, бардык адамдар бирдей каралышы керектигин белгиледи.

— Биринчиден, коррупцияга каршы күрөшүүлөрдүн бардыгы мыйзамдуу болушу керек. Экинчиден, алардын баарына иш козголуп, кайра үй камагына чыгарылып, кийин кайра сотто бүт баары жараксыз болбой, соту да ишке ашып, баары мыйзамдын чегинде жоопкерчиликти тартышы керек. Эгерде андай болбой калса, азыркы коррупцияга каршы жасалып жаткан иш-аракеттердин бардыгы жокко чыгат. Үчүнчүсү, бир тараптуу же саясий тараптуу болбой, бардык жагынан каралып, жөнөкөй адамдан президентке чейин мыйзам алдында бирдей болуп, бирдей жоопкерчиликти тартышы керек.

Ошондой эле ал акыркы убакта сот системасы менен УКМКнын ортосунда атааандашуу, тирешүү пайда болгондугун айтып, анын жыйынтыгы жакшылыкка алып келбей тургандыгын белгилеп, президент же өкмөт абитр катары бул жагдайды ордуна коюшу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, акыркы эле жумада «коррупцияга шектелди» деп кармалган 2 адам соттор тарабынан үй камагына чыгарылды. Алар «Алтуха» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алтынбек Ибраимов, Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов. Ошондой эле буга чейин да бир катар аткаминерлер соттун чечими менен үй камагына чыгарылган болчу.

«Transparency International» эл аралык уюму коррупциянын деңгээли боюнча 2020-жыл үчүн чыгарган рейтингде Кыргызстан 180 мамлекеттин ичинен 126-орунду ээледи. 2019-жылы өлкө 132-орунда болчу. Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү татаал болгондуктан, кээде жемишин берсе, көп учурда аягына чыкпайт.

Copyright © 2017 Maral FM