Биз менен байланышыңыз

БШК: Сегиз добушканадагы шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылды

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 580 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бир катар аймактык шайлоо комиссияларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жараксыз деп табылганын кабарлады.

Мекеменин сайтындагы маалыматка караганда, Ош шаарындагы №5901, Кара-Суу районундагы №5584, Нарын шаарындагы №4064, Кадамжай районундагы №8113 шайлоо комиссиясындагы референдумдун, Араван районундагы №5493, Лейлектеги №8004, Кадамжайдагы №8116 тилкелерде президенттик шайлоонун жана референдумдун, Нарындагы №4037 добушканасында президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды.

Ал эми 54 аймактык шайлоо комиссиясынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдор алынды.

БШК аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде, добуш берүү күнүнөн 20 календардык күндөн кийин, башкача айтканда 24-январдан кечиктирбестен, шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM