Биз менен байланышыңыз

Тажикстанда акыркы суткада вирустун жаңы учуру катталган жок

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 711 | 0

Акыркы суткада Тажикстанда коронавирус инфекциясынын жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып жергиликтүү басылмалар жазды. 

Вирусту жуктуруп алгандар, айыгып чыккандар, каза болгондордун саны ошол эле бойдон калууда.

Ошентип, 17-январга карата Тажикстанда жалпы коронавирусту жуктургандардын саны 13 миң 308. Алардын ичинен 13 миң 228 бейтап айыгып, 90 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM