Биз менен байланышыңыз

Абдрахман: Баары күн сайын өзү менен өзү иштеши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Янв 2021 | 1132 | 0

ММК — рынок. Рыноктун саясатта да, базарда да, бардык жерде көрүнбөгөн колу бар. Ал кол журналистти сапатына жараша ордуна коюп коёт. Ошондуктан ар бир журналист рыноктогу рейтингин кармай билиши зарыл. Мындай пикирин журналист, ЭлТРдин экс-директору Шайырбек Абдрахман «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, журналист жасап жаткан материалдын сапатына, өтүмдүүлүгүнө көңүл бурушу абзел.

«Кандай болгондо жакшысын жасайм?» — деп, күн сайын өзү менен өзү иштеши керек. Бул нерсе саясатчыга да, жалпы коомчулукка да тиешелүү», — дейт журналист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM