Биз менен байланышыңыз

«Телевидение артка жылып баштады»

Кыска кабар | 15 Янв 2021 | 727 | 0

Телевидение артка жылып, социалдык тармактар, интернет булактары алдыга чыга баштады. Бул тууралуу журналист, ЭлТРдин экс-директору Шайырбек Абдрахман «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эл маалыматты алуунун жаңы форматына чыгып кетти. Ал эми журналисттердин аны байкабай калган учурлары бар.

Саясий чөйрөдө маалыматтын «арзаны» өтүп отуруп, эл сапаттуусун тандоого жетишет. Жарандардын «табити» сапаттуу маалыматтарга өтө баштады. Сапаттуу нерсе кымбат болот. Азыр саясатчылар да ишбилги журналисттер менен иштешип калды.

Коомчулук да, журналисттер да сапаттуу маалыматтарга көбүрөөк көңүл бура башташты.

Социалдык тармактар, интернет булактары алдыга чыга баштагандыктан, талапкерлердин дебаттарын жеке жактар аркылуу чыгарууга мезгил жетти. Бул багытта БШК жеке жактарды да каттоого алып, кызматташууга өтүшү керек.

Ал эми журналист, Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын мурунку башчысы Ибраим Нуракун уулунун пикиринде, КТРК теледебаттарды сапаттуу деңгээлде алып барса да, сынга кабылмак. Анткени КТРК мамлекеттен каржылангандыктан, өкмөт, органдар көзөмөлдөйт деген имиджи өзгөрбөйт.

Сынды азайтуу үчүн дебаттын алып баруучулары КТРКнын журналисттери болбошу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM