Биз менен байланышыңыз

Экономикалык амнистиянын алкагында ачылган эсептер

Экономика | 15 Янв 2021 | 926 | 0

10-январда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан Садыр Жапаров президенттин милдетин аткарып турган 2020-жылдын 21-октябрында экономикалык кылмыш жасагандарга мунапыс жарыялап, акчаларын казынага кайтаруу үчүн 30 күн убакыт берген. Эки айдан кийин, тагыраагы, 23-декабрда президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.

Бул мыйзамдын алкагында атайын жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачылган. Финансы министри Кыялбек Мукашев эсепке түшкөн каражаттар Өкмөттүн буйругу менен гана иштетилерин маалымдады.

«Финансы министри Өкмөттүн буйругу менен эки жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп ачты. Биринчиси, экономикалык амнистиядан түшкөн каражаттар үчүн; экинчиси, өз ыктыяры менен жардам берүүнү каалаган адамдар үчүн. Экинчиси тышкы карыздан кутулуу үчүн ачылган эсеп болуп саналат». 

Бүгүнкү күндө биринчи эсепке 1,5 млрд сом түшкөн. Айрым депутаттар мамлекетке зыян келтирген жемкорлор экономикалык амнистиянын негизинде казынага акча каражаттарды төлөп гана, мыйзамдуу жазадан кутулуп кетиши мүмкүн экенин айтып келишет.

Экономист Элдар Абакиров экономикалык амнистияга байланыштуу мыйзамда жеке эле мыйзамсыз байыган адамдардын акчасын мамлекетке кайтаруу гана эмес, ишкерлер буга чейин төлөбөгөн салыкты эки эселеп мамлекетке төлөө түшүнүгү да бар экенин айтат. Ошондой эле ал түшкөн акча каражаттары тууралуу коомчулукка ачык-айкын маалымат берилип турушу керек деп эсептейт.

«Жанагы түшкөн 1,5 миллиард сомду текшерүү керек, алар мыйзамсыз байыган адамдар тарабынан төгүлдүбү же салыктардан түштүбү?» 

Депутат Акылбек Жапаров жалпы мамлекеттик депозиттик эсеп мыйзамдын негизинде ачылганын жана түшкөн каражаттар милдеттүү түрдө коомчулукка ачыкталарын билдирди.

«Акча мамлекеттик казынага түшөт, казынаны Өкмөт көзөмөлгө алат. Финансы министрлигинин интернетте «Ачык бюджет» деген баракчасы бар. Ал аркылуу биздин жарандар, журналисттер түшкөн каражаттарды көзөмөлгө алып турат. Коомчулукка түшкөн каражаттар эмнеге, кайда жумшалып жатканы ачык айтылышы керек». 

Эске салсак, экинчи эсеп ноябрь айында ачылып, ал казыналык тутумунда тышкы карызды төлөөгө багытталган. Бүгүнкү күндө ал эсепке 1 миллион сомдон ашык акча түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM