Орусияда акыркы бир сутка ичинде 24 миң 715 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы кабарлады.
COVID-19 вирусунун жаңы учурлары Орусиянын 85 аймагында катталды. Ошондой эле оорунун белгилери байкалбаган 3 миңден ашык учур аныкталды.
Ушуну менен өлкөдө коронавирустун жалпы учурлары 3 млн 520 миң 531ге жетти.
Ооруканаларда 611 миң 417 адам дагыгерлердин көзөмөлүндө.